Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын бюджетинин баштапкы болжолун түшүрүүгө аргасыз болгонун моюнуна алды

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын бюджетинин баштапкы болжолун түшүрүүгө аргасыз болгонун айтты. Анын айтымында, республикалык бюджетке киргизилип жаткан тактоолор татаал экономикалык абалды чагылдырат жана негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолу өзгөргөн шартта бюджеттин балансын сактоо милдетин чечет.

"Дүйнөдөгү жана аймактардагы экономикалык каатчылыкты, экспорт менен импорттун көлөмүнүн азайышын, ошондой эле инвестициялык активдүүлүктүн солгундашын эске алуу менен биз баштапкы болжолду 5,2 пайыздан 2,7 пайызга түшүрүүгө аргасыз болдук", - деди өкмөт башчы.

"Ушундай кырдаалга карабастан, өкмөт бюджеттин тартыштыгын көбөйтпөөгө, кирешелердин жалпы көлөмүн азайтпоого жана артыкчылыктуу чыгашалардын баарын, анын ичинде корголгон беренелердеги чыгымдарды толук көлөмдө каржылоого жетишти", - деп билдирди Жээнбеков.

Мындан тышкары ал республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 125,9 миллиард сом суммасында болжолдонуп жатканын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан