Депутат "Парламенттеги коалиция тараптыр, азыр өкмөттүн маалыматын укканыбыз туурабы?" деген суроосуна жооп алды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев интернетте парламенттеги коалициялык көпчүлүк тараганы тууралуу маалыматты окуп: "Өкмөттүн маалыматын укканыбыз туурабы?"- деп сурады. "Көпчүлүк коалициясы ураганда өкмөт тарашы керек", - деди депутат.

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров социал-демократтар коалициялык көпчүлүктөн чыкканын ырастап, жакын арада фракция лидери расмий билдирүү жасаарын билдирди. "Азырынча өкмөт тарай элек. Маалыматын уга берсек болот", - деп жооп берди Зулпукаров.

Айта кетсек, бүгүн аталган комитеттин жыйынында өкмөт 2017-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2019-жылдарга божомолу боюнча маалымат берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан