Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров "биздин максатыбыз коалицияга кирүү эмес" деп SUPER.KG порталына билдирди.
"Жаңы коалицияга кайсы фракциялар кирери сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечилет. Азырынча жаңы альянска кимдер кирери, өкмөттүн курамы канчалык өзгөрөрү белгисиз. Биздин фракция коалициялык көпчүлүккө кирүүнү негизги максат катары эсептебейт. Биздин максатыбыз - реформаларды ишке ашыруу, мамлекетти өнүктүрүү", - деди Сабиров.
Айта кетсек, бүгүн, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болду. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан. Жаңы альянска КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары кирери болжолдонууда. Ошондо парламенттик оппозицияда "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Бир бол" калмакчы.