Серепчи: "Жаңы коалиция Өмүрбек Бабановду алсыз кылуу үчүн түзүлүп жатат"

"Жаңы коалиция Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановду алсыз кылуу үчүн түзүлүп жатат". Мындай пикирин бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG порталына саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров билдирди.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты"Коалициянын тарашы мыйзам ченемдүү нерсе. Өлкөдө президент Атамбаев менен "Ата Мекен" фракциясынын лидери Текебаевдин ортосунда тиреш жүрүп жатат. Муну мындан башка себептер менен түшүндүрүүгө болбойт. Бийлик бул тиреш бүтпөстүгүн жана Текебаев менен элдешпестигин билдирип жатат. Ошондуктан жазында өлкөдө абал чыңалып кетсе, кыйын болуп кетпеш үчүн "Ата Мекенди" коалициядан чыгарып, жаңы түзүлгөн коалицияга РАЖды киргизип алууну көздөп жатышат. Башкача айтканда, жазгы таймашта "Республика-Ата Журт" да бийликти таштап, каршы тарапка өтүп кетпесин деген ниетте. Жаңы түзүлгөн кырдаалда Бабанов премьер боло калат деп айтыш кыйын. Тескерисинче, аны алсыз кылуу үчүн жаңы коалицияга чакырып жатышат.

Жаңы альянста Бабановдун каршылаштары Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев болот. Буларды бийлик Бабановдун дымагын ооздуктап туруу үчүн колдонот, бирок Бабанов баары бир коалицияга кирет. Себеби анын да өзүнүн майда оюну бар. Ал азыр максималдуу түрдө Атамбаевди жана КСДПны колдоп жатат. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин РАЖ менен КСДПнын баарына болбосо да, жартысына бейформал лидер болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан Бабанов бул максатка жетиш үчүн бардык аракеттерди жасайт. Канат Исаевдин болбосо да, Бакыт Төрөбаевдин жаңы коалицияга кириши жана кирбеши Өмүрбек Бабановдон көз каранды. Эгерде ал жаңы коалицияда душманы аз болсун десе, Исаевдин да, Төрөбаевдин да жаңы түзүмгө кирүүсүнө макулдук бербей коюшу мүмкүн. Бирок Канат Исаевге КСДПнын жаңы коалициясына кириши бир аз оңой, себеби ал КСДП менен тарапташ", - деди Акеров.

Мындан тышкары серепчи "жаңы түзүлгөн коалиция премьер-министрди алмаштырбайт" деген оюн айтты. "Жаңы коалиция көбүнесе Бабановду алсыз кылуу үчүн түзүлүп жатат. Ошондуктан ал эч убакта премьер-министр боло албайт. Эгерде Бабанов жаңы коалицияда активдешүүнү кааласа, анда анын фракциясын парламенттин V чакырылышындагы ыкмага салып, үч-төрткө бөлүп жиберишет. Ошентип, Бабанов президенттик шайлоонун алдында алсыз болуп калат. Башкача айтканда, бийлик коалицияны ыдыратуу менен бир ок менен эки коёнду аткысы келип жатат. Биринчиден, ал Текебаевди коалициядан чыгарып, ага Бабановду жана анын фракциясын каршы кылып койгусу келип жатат. Экинчиден, Бабановду жаңы коалицияга киргизип, анын өзүн жана фракциясын көзөмөлгө алып, президенттик шайлоо алдында аны алсыздандыруу үчүн жасалууда", - деди саясат таануучу.

Айта кетсек, бүгүн, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болду. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан