"КСДП фракциясы парламенттеги көпчүлүк коалициясынын тагдыры боюнча маселенин баарын өз билгениндей чечип жатат", - деп бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG'ге Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев коалициянын таркашы боюнча пикирин айтты.
"Кийинки коалициянын курамында ким болорун дагы алар эбак чечип коюшкан. Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу себебин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы менен болгон позициянын келишпестигине шылтады. Мен эскертип кетким келет, парламенттин ар бир депутаты өзү туура деп эсептеген добушту берүүгө укуктуу – бул конституциялык норма. Башкача айтканда, пикирлердин ар кандай болушу демократиянын жана парламентаризмдин өзөгүн түзөт. Биздин фракциянын иш-аракетинде эң биринчи Кыргыз Республикасынын элине кызмат кылуу турат. Оппозицияда калсак да, бул багытыбыздан тайбайбыз", - деди Төрөбаев.
Айта кетсек, бүгүн, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болду. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.