ЖЫЛНААМА, 24-октябрь: 2005-жылы депутат Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразылык акциясы ЖКнын имаратынын алдында улантылган

Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразычылык акциясы таң эртеден тарта Жогорку Кеңештин имаратынын кашында улантылган. Имараттын маңдайына 9 боз үй, 2 көчмө кафе, 2 аскер чатыры тигилип, акцияга чыккан адамдарга ысык тамак, чай берилип турган.

Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитетинин төрагасы Тынычбек Акматбаев Чүйдүн Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына барган учурда түрмөдөгүлөрдүн кол салуусуна кабылып каза тапкан. Аны менен кошо дагы үч киши өлтүрүлгөн.

Тынычбек Акматбаев баштаган топ абактагы кырдаал менен таанышуу максатында барган. Бул топ андан ары түрмөлөрдүн абалын көрүү максатында Молдовановка айлында жайгашкан №31-түзөтүү колониясына сапар улайт. Абакта жаткандар менен сүйлөшүү учурунда белгисиз себептерден эки ортодо чыр чыгып, ок атышуу болуп кетет. Түрмөдөгү баш аламандыкка камакта жаткан 200гө жакын адам катышкан. Натыйжада депутат Тынычбек Акматбаев жана анын жанындагы үч киши каза тапкан.

Тынычбек Акматбаев 31-колонияга барар алдында түрмөнүн кызматкерлери андан ал жерге келбөөнү суранышкан. Себеби ошол учурда анын бир тууган агасы - кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Рысбек Акматбаев менен начар мамиледе болгон Азиз Батукаев аталган абакта жазасын өтөп жаткан. Бирок Тынычбек Акматбаев түрмө кызматкерлеринин келбе деген эскертүүсүнө карабай 19-август күнү эртең менен колонияга текшерүү үчүн жөнөгөн.

24-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан