Кечээ, 24-октябрда өкмөт отставкага кеткенин КСДПнын лидери Иса Өмүркулов билдирген. Анын айтымында, КСДП айрым фракциялардын иш-аракеттери менен макул болбогондуктан коалициядан чыгып кеткен.
Ал эми "Ата Мекен" партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов бул жаңылыкты жалпыга маалымдоо каражаттарынан билгенин өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Биз бул тууралуу ЖМК аркылуу билдик. Алар баарын аркабыздан кылып коюшту. Мындай чечимди, ажырашуу жөнүндө кат таштап, качып кетпей, өнөктөштөргө кабарлаш керек. Акаевдик кадрлар конституциялык реформаларга каршы экенин айтып, далилсиз сөздөр менен билдирүүлөрүн толтуруп жатышат. Эгер болгонун болгондой алсак, акаевдик кадр - бул Өмүркулов өзү. Реформага каршы чыккандар ага акаевдик кадр болуп көрүнүп жатышат. "Ата Мекен" Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандыктан, биздин жолдор бир эмес, ошол үчүн коалициядан кетип жатабыз" деп эле чынын айтышпайбы. Мына ушул чындык, алар чындыкты айта албай, баарын акаевдиктерге, бакиевдиктерге жана мародёрлукка шылтап коюшту. Өмүркулов үчүн мен уялып жатам, фракция лидери калп айтканы үчүн уялып жатам, чындыкты болгонун болгондой ачык айтса, эл түшүнмөк", - деген депутат.
Ошондой эле Шыкмаматовдун жазганы боюнча, Конституцияга "Кумтөр" тууралуу мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр менен да Өмүркулов элди алдап жатат.
"Каратып туруп калп айткан" дегенди ким кандай түшүнөт? Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө "Кумтөр" кени боюнча жасалган кылмыштарга эскирүү мөөнөтү колдонулбайт" деген норма бар. Бул өзгөрүү элге майдай жагат. Кийинки сүйлөмдө: "Соттук актылар менен кылмыш иши кыскартылган жарандарга бул норма таркатылбайт". Иттин өлүгү ушул жерде!
"Кумтөр" боюнча эскирүү мөөнөтү колдонулуп, 10 фигурантка соттун өкүмү менен иш кыскарып кеткен. Демек, эч ким жоопко тартылбайт, бирок элди алдап референдумду колдоого үндөйт. Мынакей Өмүркуловдун карандай калпы!" - деп кошумчалаган Алмамбет Шыкмаматов.