ЖЫЛНААМА, 25-ОКТЯБРЬ: Мындан 152 жыл мурун төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов туулган

Мындан 152 мурун, 1864-жылы 25-октябрда төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул, дастанчы Токтогул Сатылганов Ош облусунун Кетмен-Төбө өрөөнүндө (азыр Жалал-Абад облусуна карайт) туулган. 13 жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгач "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" сыяктуу көптөгөн ырлары, кийинчерээк "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" өңдүү нускалуу ырлары жаралган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар.

1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган. Сүргүндө жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" деген ырларын чыгарган. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды ырдаган. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган. Токтогул айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты болгон. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргыз тилинде, эки томдугу орус тилинде, бир томдугу француз тилинде чыгарылган.

1933-жылы 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.

25-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан