Өмүрбек Бабанов коалицияга ультиматум койду

"Эгер биздин фракциянын программасын көпчүлүк коалициясы жактырса, анда сүйлөшүүгө барабыз", - деди бүгүн, 25-октябрда журналисттерге "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов.

"Шайлоо алдында ар бир партия шайлоочуларга өлкөнү өзгөртүү боюнча убадаларды беришкен. Бийликке келген соң бул убадаларын аткаруу зарыл. Коалицияга кирүү бийликке келүүнү билдирет. Биздин өзүбүздүн программабыз бар. Эгер коалицияда колдоо тапса, анда биз сүйлөшүүгө барабыз, бирок коалицияга кирүү биз үчүн эң негизги максат эмес", - деп билдирди Бабанов.

Мындан тышкары ал КСДПнын лидери Иса Өмүркулов менен жолугушарын баса белгиледи. "Аны менен азырынча расмий жолугушуу өткөрө элекмин. Бүгүн сөзсүз түрдө жолугушам", - деди РАЖдын лидери.

Айта кетсек, кечээ, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болгон. КСДПнын лидери коалицияда пикир келишпестиктер болгондон улам фракция мындай чечимге келгенин билдирген. Коалициялык көпчүлүккө КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракциялары кирген. Ал эми коалициялык азчылык "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан