КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жаңы коалицияга кимдер кириши мүмкүн экенин айтты. Депутат 25-октябрда журналисттер менен жолугушууда билдиргендей, жаңы түзүлчү альянска принципиалдуу маселелер боюнча бирдей көз караштагы фракциялардын кириши күтүлөт. Демек, Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдогондордо мүмкүнчүлүк көбүрөөк. Серепчилер божомолдоп жаткандай, "Республика-Ата Журт" фракциясы кириши толук мүмкүн.
Белгилей кетсек, КСДПнын лидери коалициянын тарашына коалициядагы фракциялардын лидерлеринин ортосундагы саясий көз караштардын келишпестиги себеп болгонун айтты.