Президенттик аппарат 2010-жылкы Конституциянын бирдиктүү текстине бир дагы жооптуу адам кол койбогону тууралуу билдирүү таратты. Маалыматта 2010-жылкы Конституциянын долбоорун даярдоого, аны талкуулоо ишин уюштурууга, долбоорду жарыялоого жана Баш мыйзамдын акыркы редакциясына ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев жооптуу болгону айтылат. 2010-жылдын 19-майында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жаңы Конституция боюнча референдум өткөрүү жөнүндө декретке кол койгонун, анда референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Конституцияны күчүнө киргизүү жөнүндө мыйзам кол коюуну талап кылбасы жазылганын билдирди президенттик аппарат. Тагыраагы, Конституциянын текстине ким жоопкер болору аныкталбай калганы, аныктоо иши Өмүрбек Текебаевде болгону айтылды.
Президенттик аппарат 2010-жылкы Конституция кантип кабыл алынганын хронология түрүндө кенен баяндап, Конституциянын бирдиктүү текстине референдумга чейин да, референдумдан кийин да бир да жооптуу адам кол койбогонун маалымдап, бул жоопкерчилик Текебаевдин моюнунда экенин белгиледи.
Президенттик аппарат тараткан бүгүнкү билдирүүдө 2010-жылкы Конституцияны даярдоо жана кабыл алуудагы жоопкерчиликтин баары Өмүрбек Текебаевге оодарылып, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу эч бир сөз козголгон жок.