Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларын өнүктүрүүгө 12 миллион доллар бөлүнөт

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 25-октябрда Кыргыз мамлекетинин бир катар чакан шаарларын өнүктүрүүгө багытталган "Бишкек шаарында 2016-жылдын 25-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Каржылоо жөнүндө макулдашууну" ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Сүлүктү, Кербен, Токтогул, Балыкчы шаарларындагы социалдык мекемелердин абалын, электр энергиясы менен камсыздоону, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн 12,8 миллион доллар бөлөт. Мунун 6,6 миллион доллары жеңилдетилген насыя, 5,4 миллион доллары гранттык каражат. Буга кошумча өкмөт 2,4 миллион доллар бөлүүгө тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан