Бүгүн, 25-октябрда америкалык ырчы, бийчи, продюсер, актриса, модель, клиптердин режиссёру Сиара 31 жашка толду. Ал АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында төрөлгөн. Сиаранын толук аты-жөнү - Сиара Принцесс Хэррис.
Сиара 2004-жылы "Goodies" ыры менен дебют жасаган. "Lose Control" аттуу клиби үчүн 2005-жылы "MTV Video Music Awards" церемониясында "Эң мыкты бий видеосу" жана "Эң мыкты хип-хоп видео" сыйлыктарына ээ болгон. 2006-жылы ушул эле ырына "Грэмми" сыйлыгын алган.
Сиара ырчылык менен гана алектенбестен, модель катары да өзүн сынап, бир нече долбоорлорго, жарнамалык роликтерге, басылма беттерине сүрөткө түшүп, ийгилик жарата алган. 2013-жылы рэпер Фьюче (Future) менен жарандык никеде жашап, 2014-жылы уулу Захир Уилбернди төрөгөн. Бирок алардын мамилеси тойго жеткен эмес. Кийинчерээк Расселл Уилсон аттуу жигитти жолуктуруп, 2016-жылдын 7-июлунда расмий түрдө баш кошушкан. Көп убакытка чейин үйлөнүү үлпөт тойлорун жашырган Голливуд жылдыздарынан айырмаланып, Сиара тойдон эки күн өткөн соӊ сүрөттөрүн коомчулукка жарыялаган. Учурда ырчы экинчи перзентин күтүп жатканы айтылууда.
25-октябрдын жылнаамасы.