КСДПнын лидери өкмөт башчысы ордунда каларын айтты

Парламенттеги коалициянын урашы, жаңы коалициянын түзүлүшү өкмөттүн түзүмүнө олуттуу таасир тийгизбейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, жаңы коалиция түзүлгөнү менен, өкмөттө кескин өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлбөйт, өкмөт башчы ордунда калмакчы.

КСДП коалицияны "Ата Мекен" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларын биримдиктен чыгаруу үчүн гана уратканы көрүнүүдө. Кыш кирип келди, жер-жерлерде свет өчүрүүлөр башталды. КСДП ушундай кырдаалда коалициядан чыгып, өзүнө ыңгайлуу жаңы команда түзүү менен убара.

Эскерте кетсек, коалициялык көпчүлүк КСДП фракциясынын альянстан чыгып кетүүсүнө байланыштуу урады. КСДП бул кадамын коалициядагы айрым фракциялар менен тил табышуу мүмкүн болбой калганы менен түшүндүрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан