ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: Түрк актёру Кыванч Татлытуг бүгүн 33 жашка толду

Мындан 33 жыл мурун, 1983-жылы 27-октябрда түрк актёру Кыванч Татлытуг Түркиянын Адана шаарында туулган. Ал Стамбулдагы Маданият университетинин коммуникация жана дизайн бөлүмүн аяктаган. 18 жашка чыкканда Кыванч моделдик бизнеске аралашып, бир жылдан кийин ал "Түркиядагы мыкты модель" ("Best Model of Turkey"), "Дүйнөлүк мыкты модель" ("Best Model of The World") деген наамдарды багындырууга жетишкен. Бул жылдары Франция, Италиянын подиумдарынын көркүн ачууга да үлгүргөн.

Канчалык чоң ийгиликти жаратканы менен, Кыванч моделдик кесиптин "өмүрү" кыска экенин түшүнүп, олуттуу адистик тандоого өтөт. Ошентип, актёрдук кесипке ыктап, өзүн кино жаатында да сынап көрүүнү чечкен. 24 жашында тартылган "Кара деңиздеги америкалыктар" комедиясы ага кино дүйнөсүнө чоң эшик ачкан. Ага байма-бай сериалга тартылууга сунуштар түшүп, "Күзей-Гүней" ("Түндүк-Түштүк"), "Гүмүш" ("Күмүш"), "Тушалган махабат" сериалдарына тартылып, элдин сүймөнчүгүнө айланган.

Кыванч Татлытуг 2009-жылы "Алтын көпөлөк" сыйлыгында "Мыкты актёр" наамын алган. Ошол эле жылы "Hurriyet" аттуу түрк гезитинин сурамжылоосу боюнча "Түркиядагы эң сексуалдуу мырза" деп табылган.
27-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан