ЖЫЛНААМА, 27-ОКТЯБРЬ: Англиялык скрипкачы, композитор Ванесса Мэй 38 жашка толду

Бүгүн, 27-октябрда англиялык скрипкачы, композитор Ванесса Мэй 38 жашка толду. Ал Сингапурда төрөлгөн. Толук аты-жөнү - Ванесса Мэй Ванакорн Николсон. Атасы таиланддык, энеси кытай кызы болгон. Мэй 4 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кеткен. Кийин энеси кызы менен Улуу Британияга келип жашап калган.

Ванесса 9 жашында жеке концертин берип, миңдеген көрүүчүлөргө талантын тартуулаган болсо, 12 жашында дүйнө кыдырып, гастролго чыга баштаган. Ал 1996-жылы "BRIT Awards" сыйлыгынын "Мыкты аткаруучу" наамына татыган. Бул чоң сыйлыкты ал скрипкада ойногондордун алгачкысы болуп алган.

Астрономдор сүйүктүү скрипкачысынын урматына астероидге (10313) анын ысымын ыйгарышкан. Ал иттерди абдан жакшы көрөт, өзгөчө шарпей породасын. Жадакалса ушул породадагы өлүп калган биринчи итине арнап "Паша" чыгармасын жазган.

27-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан