Элдин саламаттыгына республикалык бюджеттен каралган акчанын 10 пайызы гана берилүүдө. Бул тууралуу 27-октябрда парламент жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирип, адам өмүрү кыйылып жаткан фактыларды мисал кылды. Айтымында, өлкөдө бөйрөк, боор оорусунан жабыркагандар көбөйүп жатат. Саламаттык сактоо тармагына республикалык бюджеттен 70 миллион сом каралса, анын 10 миллион сому гана бөлүнүүдө. Мындан улам тийиштүү жабдуулар, дарылар алынбай, көптөгөн бейтаптар өмүрү менен коштошуп жатканы айтылды. Ормонов бюджетте каралган акчаны министрликке толугу менен берүү зарылдыгын белгиледи.