Икрам Илмиянов парламентке депутат болушу мүмкүн

Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулган Икрам Илмиянов депутат болушу мүмкүн. Жаңы коалиция түзүлсө, КСДП өкмөттөгү айрым министрлерди кызматтан кетириши ыктымал. Алардын ордуна КСДПнын парламенттеги депутаттары министр болуп дайындалса, Жогорку Кеңеште бошогон орунга КСДПнын тизмеси боюнча кийинки талапкер келет. Жакында КСДПнын бир депутаты Жалал-Абад облусунун башчылыгына дайындалып, ордуна Ирина Карамушкина депутат болуп келди. Тизмеде Карамушкина менен Илмияновдун ортосунда 5 гана талапкер бар, алардын айрымдары учурда кызматтарда отурушат. Мисалы, Аалы Карашев, Канат Керезбеков. Демек, депутаттык кезек Илмияновго жетип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан