Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидерлигинен Канат Исаев кетти. Бул тууралуу Ак үйдөгү өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү чечим кечээ кабыл алынды. Жакын арада фракция жаңы лидерин шайлайт. Канат Исаевдин ордуна Алмазбек Баатырбеков келери күтүлүүдө.