Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев мандатын тапшырды. Бул тууралуу өзү 28-октябрда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.
"Акыркы күндөрү ойлонуп, депутаттык мандатымды тапшырууну чечтим. Депутаттык мен үчүн эмес экен. Ошондуктан мурдагы коомдук ишиме кайрылууну чечтим. Мен парламентке “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен келгем. Эми кайра барып, 7-апрелде жабыр тарткандарды коргоо ишин улантам", - дейт Мискенбаев.
Парламент ар кандай интригалардын жана саясий оюндардын чордону экенине дагы бир жолу ишенгенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Мискенбаев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Куудулдарга айткан сыны менен көпчүлүккө таанымал. Бул арада ага "7-апрелде жабыркагандарга тийиштүү акчаны өзүнө ыйгарып алган" деген айып тагылды.