Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канат Исаев журналисттерге эмне себептен фракция лидерлигинен кеткенин түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, кечээ, 27-октябрда фракциянын жыйынында ал лидерликтен өз ыктыяры менен кетерин билдирген. "Мындай кадамга барышым референдумга каршы чыкканыма байланыштуу. "Кыргызстандын" айрым мүчөлөрү "каршы" деп добуш беришкен, алардын катарында мен да бармын. Менин мындай позициям жаңы коалицияны түзүүдө тоскоолдук жаратышы мүмкүн", - деди Исаев.