Бүгүн, 28-октябрда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп бүттү. Бул тууралуу КСДПнын катчылыгынан билдиришти. Маалым болгондой, коалицияга кайсы фракциялар кирери кийинки жумада белгилүү болушу мүмкүн. Иса Өмүркуловдун айтымында, коалициянын туруктуу болушу үчүн бардык ички маселелерди чечип, макулдашууга келүү зарыл.
Эскерте кетсек, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болгон. КСДПнын лидери коалицияда саясий пикир келишпестиктер болгондон улам фракция мындай чечимге келгенин түшүндүргөн. Коалициялык көпчүлүк КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан турган. Ал эми парламенттик оппозицияда "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" болгон. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.