ЖЫЛНАААМА, 29-ОКТЯБРЬ: 97 жыл мурун драмалык актриса Даркүл Күйүкова туулган

Мындан 97 жыл мурун, 1919-жылы 29-октябрда драмалык актриса, СССРдин Эл артисти Даркүл Күйүкова Бишкек шаарында туулган. Актрисалык ишмердиги 1936-жылы Фрунзедеги Жаш көрүүчүлөр театрында башталган. Ал драмалык театрда иштеп турганда көп негизги ролдорду аткарган. Анын жараткан образдары өзүнүн эмоционалдуулугу, таасын табылган кайталангыс мүнөздөрү, курч сатиралык багыты менен айырмаланган. Өзгөчө татаал мүнөздөгү, эрки күчтүү каармандар анын чыгармачылыгында басымдуу орунду ээлеген. Ал Толгонайдын (Ч.Айтматов, "Саманчынын жолу") оптимисттик пландагы эң күчтүү жана таасирдүү образын салмактуу жана монументалдуу көрсөткөн. Кинофильмдерде да ролдорду аткарган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган. 1997-жылы 78 жаш курагында көзү өткөн.

29-октябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан