Аргентиналык футболчу Диего Марадона 56 жашка толду. Ал 1960-жылы 30-октябрда Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында туулган. 7 жашка толгондо спортко баш-оту менен кирип, футбол талаасында көрүнүктүү оюн көрсөтө баштаган. 16 жашында өлкөдөгү чемпиондукта "Аргентинос Хунирос" командасы үчүн алгачкы оюнун өткөргөн.
Ал карьерасында "Бука Хуниорс", "Барселона", "Наполи", "Севилья", "Ньюэллс Олд Бойз" клубдарында ойногон. 1986-жылы Мексикадагы Дүйнө чемпиондугунда Аргентина курамасы менен биргеликте алтын медаль тагынган. Аргентинанын курамында ал 91 оюнга чыгып, 31 гол киргизген. Кийин телекомментатор, машыктыруучу болуп иштеп, тасмаларга да тартылганга үлгүргөн.
30-октябрдын жылнаамасы.