ЖЫЛНААМА, 30-ОКТЯБРЬ: 123 жыл мурун Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Ольга Мануилова туулган

Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Ольга Мануилова Нижний Новгороддо аскер дарыгеринин үй-бүлөсүндө 1893-жылы 30-октябрда туулган. 1912-жылы 19 жаштагы Ольга скульпторлор Хофштедер менен Шверегленин жеке мектептеринен окуу үчүн Мюнхенге барган. Бир жылдан кийин Москвага келип, билимин андан ары уланткан.

Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен 1939-жылы О.М.Мануилова Т.Сатылгановдун эстелигинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн республикага келген. Кыргыз адамдары, жаратылышы сүрөтчүгө абдан жаккандыктан, О.М.Мануилова бул жерде түбөлүккө калууну чечкен. Ушул учурда Фрунзеде (азыркы Бишкек) С.А.Чуйков, Г.А.Айтиев, С.Акылбеков өңдүү таланттуу сүрөтчүлөрдүн тобу түзүлүп калган. Скульпторлордон О.Мануилова биринчилерден болгон.
Анын колунан “БЧКнын куруучулары”, “Фронтко жардам”(1942-ж.) портреттери жана генерал И.В.Панфиловдун эстелиги жаралган. Кийинчерээк анын долбоорлору боюнча Ж.Бөкөнбаевдин, Т.Молдонун, М.Күрөңкеевдин эстеликтери Фрунзе шаарына тургузулган. Анын портреттик галереясынан согуштун жана эмгектин ардагерлеринин, коомдук ишмерлердин, карапайым адамдардын образдарын көрө алабыз. Чебердин колунан 600дөн ашуун скульптуралык чыгармалар жаралган.
О.Мануилованын эң мыкты портреттик эмгеги болуп “СССРдин Эл артисти С.Кийизбаеванын портрети” (1952-ж.) жана “Жаш кыргыз” (1955-ж.) портрети саналат.
Өкмөт анын эмгектерин эске алып “Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү” деген наам ыйгарган. Ошондой эле Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана бир канча медалдар менен сыйланган.
30-октябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bolunbo.kyrgyz
2016-10-30 17:41:54
Ушул теманы жылнама дебей тарых барактары же эскеруу десе болбойбу же башкача атап жылнама деген соз кыргызда бар беле озу кызыктай экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан