Бүгүн, 31-октябрда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабанов менен коалиция боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Өмүркуловдун айтымында, РАЖдын лидери жолугушууда өзүнүн программасы менен тааныштырды. "Бир чечимге келгенден кийин принципиалдуу макулдашууларды сүйлөшүп алсак, андан кийинки маселелерди чечүү боюнча дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Убакыт өтүп жатат. Коалицияны тезирээк түзүүгө аракет жасайбыз", - деди КСДПнын лидери.
Айта кетсек, өткөн аптада И.Өмүркулов "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.