Алмазбек Атамбаев "Референдум жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 31-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-октябрда кабыл алынган. Бийлик Конституцияны өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрында өткөргөнү жаткан референдумдун жол-жобосу ушул мыйзам менен аныкталат. Андыктан мыйзамды кабыл алууда парламентте кызуу талаш-тартыш жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан