КСДП фракциясынын мурунку депутаты Мээрбек Мискенбаевдин ордуна Нурмухаммат Баяхунов депутат болду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын 31-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын мекемеден кабарлашты. Баяхунов буга чейин Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
Бул адамдын ысымы коомчулукка 2015-жылы жер тилке чуусуна байланыштуу белгилүү болгон. Айыл өкмөт башчысы болуп турганда бирөөлөргө жер бөлүп берүү убадасы менен 16 миллион сом алганы тууралуу кабар маалымат булактарына жарыяланган эле.
Ал эми Мээрбек Мискенбаев парламент интригалардын чордону экенин, депутат болуп иштегиси келбей калганын айтып өткөн аптада мандатын тапшырган.