Бүгүн, 31-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кийинки президент ким болот? 2017-жылдан тартып алдыдагы 6 жыл ичинде өкүнүп, нааразы болбош үчүн, эң негизгиси, жашоо шарттын оңолуусу үчүн кимди шайлоо керек? Өзүнүн келечегин ойлогон ар бир жараныбыз бул тууралуу ойлонуп жатканы анык. Андыктан SUPER.KG порталы 2017-жылы өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо жүргүзүүдө. Суроо эки вариантта. Биринчиси: “Жакында президенттик шайлоо өтө турган болсо, кимге добуш бермексиз?” Эл ичинде “президенттикке ат салышат” же “президенттикке татыктуу” деп аттары аталып жаткан саясатчылар талапкер катары көрсөтүлгөн. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам Алмазбек Атамбаевге экинчи жолу президенттикке барууга жол бербейт. “Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт” деп келген бийлик эми бардык мыйзам ченемдерин тебелеп өтүү менен Конституцияны өзгөртүүгө баратат. Бийликтин бүгүн бирди айтып, эртеси теңирден тескери иш кылганы кадимки көрүнүш болуп, “Атамбаев кайрадан президент болууга аракет жасабайт” деп так кесе айтуу мүмкүн болбой калды. Андыктан сурамжылоонун экинчи суроосу “Алмазбек Атамбаев кайрадан президенттик шайлоого талапкерлигин койсо, анда кимге добуш бермексиз?” деген собол менен жүргүзүлүүдө. Добуштар эки топто эсептелүүдө: Кыргыз мамлекетинде жашап, бул жактан добуш бергендер жана чет мамлекеттерде жашап жаткан мекендештердин добуштары.
Кыргыз мамлекетинен добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир айдын көрсөткүчүнө таянсак, фавориттер: Адахан Мадумаров, Мелис Мырзакматов жана Өмүрбек Бабанов. Булардан кийинки орунда “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев. Сурамжылоо тууралуу кабарда талкуунун өтө көп болгону шайлоо өтө кызуу өтөрүн кабарлайт. Булардын ичинен Мелис Мырзакматов 2014-жылдын ноябрь айынан бери издөөдө, Ош шаарындагы эстелик, көпүрөнүн курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголуп, сыртынан 7 жылга соттолгон. Өзү соттун мындай өкүмүн “саясий куугунтук” катары баалап, маал-маалы менен интернет аркылуу элге кайрылуу жасап турат. Эки жылдан бери Кыргыз жергесинде жоктугуна карабай Мырзакматовдун күйөрмандарынын колдоосу сууй электигин сурамжылоо көрсөтүүдө. Адахан Мадумаровго келсек, президенттик шайлоого катышарын расмий түрдө биринчи болуп жарыялаган. Бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыккан Өмүрбек Текебаевди колдоп, көпчүлүктү кубандырды, анткени бул эки лидерди кыргыз эли такыр келишпеген оппоненттер катары көрүп көнүп калган. Орчундуу иште бириге алышканы коомчулукту кубандырды. Президенттик шайлоого катышам деп жарыялагандардын дагы бири Темир Сариев сурамжылоодо көп добушту багынта албай жатат. Өз алдынча көп добуш топтой албаса да, бул саясатчыда тараза ташын бир тарапка оодарып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Өмүрбек Текебаев менен биригип, бийликтин пландарына каршы тура алышмак. Сурамжылоодо Садыр Жапаровго Кыргыз мамлекетинде жашап жаткандарга караганда чет мамлекеттерде жашап жаткандар көбүрөөк добуш беришти. Бул адам жакында Москвадагы кыргыздарды чогултуп концерт бердирип, чай бергенин эске алсак, демек, добуштар ошол тараптан берилип жатышы мүмкүн. Чет мамлекеттерден добуш берип жаткандар келе жаткан президенттик шайлоонун реалдуу картинасын түзө албайт. Каттоо түйшүгү, жумуш, убакыттын тартыштыгы, биометрикалык маалыматтарын тапшыруу маселелеринен жана башка себептерден улам чет мамлекеттердеги жарандарыбыз шайлоолорго жетиштүү катышпай келишет. Ошондой эле алардын саны жалпы шайлоочулардын аз гана пайызын түзөт. SUPER.KG порталы аталган сурамжылоону ар 2 апта сайын жаңылоодо. Бул аралыкта президенттикке кимдер талапкер экени эл ичинде айтыла баштаса, ошол адамдардын ысымдары менен толукталып турмакчы...
2016-жылдын 11-декабрында 397 айылдык жана 22 шаардык кеңеште шайлоо өтөт. Коомчулуктун көңүл чордонун бул жарышта Бишкек шаардык кеңеши ээлей турганы түшүнүктүү. Аталган кеңешке депутаттык шайлоого даярдык КСДПда көшөгө артында эмне иштер жүрүп жатканын ачыктаган окуялар менен башталды. Партиянын активдүү мүчөсү Ренат Самудинов КСДП оюн түз айткан жаштарга орун бербегине нааразычылык билдирүү менен тизмеден чыгуу чечимин кабыл алганын жарыялады. Жаш активист КСДПнын кадр дайындоодогу кемчиликтерин ачык айтып келген. Башка депутаттар өңдүү “кнопка баскыч” боло албайт, “башкарылбайт” деген жыйынтыктан улам тизмеде алдынкы орунга киргизилбей калган өңдүү. Бишкек шаардык кеңешине депутаттык шайлоо боюнча дагы бир күтүүсүз жаңылык “Ата Мекендин” катышпай турганы болду. Партия “майнап чыкпайт” деген жыйынтыкка келип, ушундай чечим кабыл алганы белгилүү болду. Аталган партиядан башка аймактар жана шаарлар боюнча жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша тургандарын билдиришти. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев Максим Бакиевге тийиштүү болгон жер боюнча учурдагы шаар мэри Албек Ибраимов менен президент Алмазбек Атамбаевдин күдүктүү ишин коомчулукка жарыялап чыккан. Балким, ушул себептендир, Кыргыз мамлекетиндеги саясий-коомдук өнүгүүдө негизги кыймылдаткыч күчтөрдүн бири болгон бул партия “баары бир өткөрүшпөйт” деген турмуштун реалдуулугун кабыл алууга аргасыз болду. Бул кооптуу көрүнүш...
24-октябрдан бери өкмөт “убактылуу” режимде. Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалицияны куроо мандатын алтынчы ирет КСДП фракциясына тапшырган. Бүгүн Иса Өмүркулов “Республика-Ата Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов менен коалиция куроо маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Өмүркулов “принципиалдуу макулдашууларды сүйлөшүп алсак, кийинки маселелер чечилет” деген ойдо. Принципиалдуу маселе "Өкмөттү ким жетектейт, чечүүчү кызмат орундары кимге тиет?" деген суроолор болсо керек. КСДП фракциясынын лидери Бабанов менен катар “Кыргызстан” жана “Бир болдун” лидерлери менен да жолугушууларды өткөргөнү айтылды. Ак үйдүн коридорлорунда айрым “бир болчулар” коалицияга киребиз деп кубанычын жашыра албай жатканы да айтылууда. Коомчулук КСДПнын “бакиевчилер” деп жерип келген “Бир бол” менен коалицияга биригиши мүмкүн экенине ишене албай турат. Бирок президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДПга азыр принципиалдуу келишпестиктерден да Конституцияны өзгөртүп, партиялык бийликти сактап калуу маанилүү көрүнөт. Карапайым калкка Конституцияны өзгөртүү аракетин демилгечилер “парламентаризмди күчтөндүрүү” катары да көрсөтүүгө аракет кылышты, бирок Баш мыйзамдын сунушталган долбоорунда парламентаризмди бекемдөөчү механизмдер жок. Тескерисинче, парламент менен сот бийлигин өкмөт менен президентке көз каранды кылып берүүчү Баш мыйзам даярдалып жатканын саясатчылар да, укук коргоочулар да айтып, эскертишүүдө. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев “Референдум жөнүндө” мыйзамга кол койду. Эгер президент жарандык активисттер, саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар тарабынан айтылып жаткан коңгуроого кулак салса, анда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин чакыртып алуу сунушу менен фракция лидерлерине кайрылышы керек. Ажо Баш мыйзамды, кандуу 7-апрелден кийин элге берилген убаданы тебелеп кетүү аракетинен баш тартса, кийинки журт башчыны эркин тандап алууга элге мүмкүнчүлүк берсе, мына ошол иши менен эгемендүү кыргыз тарыхында калмак...