"Мамлекеттин 27 миллион сомун жеди" деп айыпталып жаткан Оштун мурунку мэрине издөө жарыяланды

Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Ош шаары жана Ош облусу боюнча КРнын Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү Мелис Мырзакматовго карата Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушунун жүрүшүндө кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жатат.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган: Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевич Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын жергиликтүү коомчулуктун уставы” мыйзамдарын бузуп, эч кандай экономикалык негизсиз жана техникалык-экономикалык негизсиз аталган көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген.

Мындан кийин 2013-жылы Шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан эки тендер өткөрүлүп, эстакадалык көпүрөнү куруу боюнча долбоор-сметалык документтерди даярдоо тууралуу келишим түзүлүп, мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. 

Тергөө амалдарынын жыйынтыгында 2014-жылдын 27-ноябрында М.Мырзакматовго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча сыртынан айып тагылган. Ошол эле күнү Ош шаардык соту М.Мырзакматовду камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан