Кечээ, 18-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы өзүнүн 29 жылдыгын белгиледи. Иш-чарага ИИМдин жетекчилери жана өлкөнүн аймактарынан келген аталган министрликтин башкармалыктарынын басма сөз кызматкерлери катышты. Айта кетсек, 1984-жылы 18-апрелде Кыргыз ССРинин тушунда ИИМдин жетекчисинин буйругу менен басма сөз кызматы түзүлгөн. Ал күндөн бери он жетекчи алмашып, учурда бул кызматты Жоробай Абдраимов аркалап келет.