Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламенттеги башкаруучу коалицияны түзүү боюнча “Ата Мекендин” жана “Өнүгүү-Прогресстин” лидерлери менен сүйлөшпөй турганын SUPER.KG порталына билдирди.
"Ушул эки фракцияны атабай эле койсок. Бул маселени көтөрбөй эле коёлу. Биз эмне үчүн коалициядан чыктык? Маскарапоздук кимге керек эле? Саясатта тазалык, маданияттуулук болуш керек да", - деди Өмүркулов.
Айта кетсек, өткөн аптада КСДПнын лидери "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен жолугушуп, коалицияны түзүү маселесин талкуулаган. Ошондой эле ал кечээ, 31-октябрда "Республика-Ата Журттун" лидери менен коалиция боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.