Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору 3-окууда каралууда. Депутаттар долбоорго редакциялык сунуштарын айтып жатышат. Жыйында башында 40ка жакын депутат отурган. Учурда катышып жаткан депутаттардын саны 70ке жетти. Суроо-жооп аяктап, талкууга кезек келди.