ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан 51 жашка толду

Бүгүн, 2-ноябрда индиялык актёр, продюсер Шахрух Хан 51 жашка толду. Ал Индиянын Нью-Дели шаарында төрөлгөн. Лицейде окуп, аны бүт­көн­дөн кийин Дели шаарындагы университеттин алдында ачылган колледжге тапшырган. Андан кийин магистратураны бүтүрөт.

Колледжде болочок актёр англис тилин чоң кызыгуу менен окуган. Актёрдук карьерасын дал ошол колледжде окуп жүр­гөндө баштаган. Алгач Шахрух сериалдарга тартылып, 1991-жылы Фёдор Достоевскийдин "Идиот" новелласынын негизинде тартылган тасмада роль жаратып таанылган. Ошол эле жылы "Жентльмендин кыялы" аттуу кинодо роль жаратууга жетишкен. Өз­гөчө анын "Ким билет, таң атабы, жокпу?" деген киносу Индияда гана эмес, башка мамлекеттерде да белгилүү болгон. Шахрух "Мыкты актёр", "Мыкты роль", "Кино жылдыз", "Индиянын мыкты атуулу" сыяктуу наамдардын бир нече жолку ээси.

Акыркы кезде актёр тууралуу "Приянка Чопра менен сүйүү мамилеси бар" деген кептер айтылып келет. Актёрду жакшы көрөрүн актриса маектеринин биринде Шахрухту көргөндө кызарып кетерин айтып билдирген. Алардын сүйүү романы тууралуу кептер тыйылбагандыктан, Хандын аялы Гаури Хан жолдошуна Приянка менен сүйлөшүүгө тыюу салганы, атайын кече өткөрүп, ошол күнү Гаури Чопра менен бир нерселерди көп убакыт кызуу баарлашканы айтылат.

2-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bek94
2016-11-02 18:20:33
Кинолору аябай жагат.
+2
Manas230595
2016-11-03 01:44:11
Дагы коп жашай берсин мыкты актёр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан