Украина президентинин расмий сайтында 2-ноябрда президент Петро Порошенко менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат жайгаштырылды. Анда өлкө жетекчилери Кыргыз Республикасы-Украина кызматташтыгын, саясий диалогду жандантуу, соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышканы айтылат.
Бирок Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Порошенко менен Атамбаевдин ортосунда эч кандай телефондук сүйлөшүү болбогонун билдирди. Президенттик аппарат бул маалымат жалган экенин, Украина президентин кимдир бирөө тамашага салган болушу мүмкүн экенин маалымдады.