Жогорку Кеңеш Венеция комиссиясына Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү жөнөтпөйт

Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмү Венеция комиссиясына Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү жөнөтпөйт. Жарандык көзөмөлдөө комитети тараткан маалымат боюнча, аталган бөлүм Конституциянын 1-беренесине таянып билдирүү жасады.

"Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин спикери өзүнүн атынан аталган комиссияга Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү жөнөтүүгө ыйгарым укуктуу эмес жана милдеттүү эмес", - деп айтылат бөлүмдүн жообунда.

Эскерте кетсек, буга чейин Жарандык көзөмөлдөө комитети Жогорку Кеңештин төрагасынан Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдүн долбоорун Венеция комиссиясынын талдоосуна жөнөтүүнү талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан