Өкмөттүн курамында болчу өзгөрүүлөр (тизме)

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракциялар өкмөттүн курамы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда SUPER.KG порталына парламенттен билдиришти.

Маалым болгондой, кийинки жумада Жогорку Кеңеште министр кызматтарына талапкерлер каралмакчы. Өкмөттүн курамында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр күтүлүүдө:

– биринчи вице-премьер-министр – Сапар Исаков (КСДПнын квотасы)

– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова же Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”)

– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”)

– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”)

Ал эми калган чиновниктер өз кызматтарында калмакчы. Алар:

– премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)

– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)

– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)

– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)

– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)

– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)

– транспорт жана коммуникациялар министри – Замирбек Айдаров (КСДП)

– ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев (КСДП)

– юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева (КСДП)

– каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)

– экономика министри – Арзыбек Кожошев ("Кыргызстан")

– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)

– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)

– айыл чарба жана мелиорация министри кызматына талапкер аныктала элек (“Бир болдун” квотасы)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан