ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: 1967-жылы белгилүү француз ди-джейи, музыкант Дэвид Гетта төрөлгөн

Франциялык ди-джей Дэвид Гетта 1967-жылы 7-ноябрда Франциянын Париж шаарында төрөлгөн. Ал -дүйнөлүк шоу-бизнестин белгилүү жылдыздары менен иштешкен атактуу музыкалык продюсер. Алардын катарында "The Black Eyed Peas" тобу, Рианна, Эйкон, Лил Уэйн, Мадонна, Ферги, Will.i.am, Snoop Dogg, Sia, Lady Gaga жана башкалар бар.

Дэвид мектепте окуп жүргөндө эле музыкага жакын болуп, дискотекаларды уюштуруп акча тапчу. Ал эми 17 жашында "Broad" аттуу түнкү клубда ди-джей болуп эмгектене баштаган. Көп өтпөй анын таланты бааланып, Париждин радиолорунда чыгармалары жаңыра баштайт. 1990-жылы Д.Гетта Сидни Дютей аттуу досу менен "Nation Rap" аттуу ыр жыйнагын чыгарган. 2 жылдан соң Д.Гетта америкалык ди-джей, продюсер Роберт Оуэнс менен иштешип, "Up & Away" аттуу чыгарманы жаратышкан.

Ошол эле жылы Дэвид Париждеги түнкү клубдардын биринде Кэтти аттуу сулуу менен таанышып, бир нече айлардан соң эки жаш үйлөнүшөт. Айтмакчы, экөө чыгармачылык жактан дагы кызматташып, долбоорлор менен иштешкен. 2004-жылы түгөйлөрдүн ортосунда Тим Элвис аттуу бала төрөлгөн. Ал эми 2007-жылы Энжи аттуу кызы жарык дүйнөгө келген. Көп өтпөй түгөйлөр ажырашып кетишет. 2012-жылы Д.Гетта жана Кэтти Ибица аралында кайрадан үйлөнүшүп, бирок 2014-жылы ажырашып кетишкен.

2002-жылы Д.Гетта "Don't Let Me Go", "Distortion", "People Come People Go" ырларын жана 250 миң нускадагы "Just A Little More Love" ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул мезгилден тарта анын кийинки эмгектери миллиондогон нуска менен чыгып, дүйнө жүзүнө популярдуу музыкант, ди-джейге айланган.

2009-жылдагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгында Д.Гетта дүйнө жүзүндөгү мыкты 3 ди-джейдин катарына кирген. Ал эми учурда дүйнөдөгү эң мыкты хаус-ди-джей болуп эсептелет. Атасы еврей улутунан болгондуктан, Д.Гетта өзүн франциялык еврей деп эсептейт. Анын материалдык байлыгы, болжол менен айтканда, 30 миллион долларды түзөт. Ди-джейдин музыкалары Кристиан Диордун коллекциясынын мода көргөзмөлөрүндө коюлуп турат.

7-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан