Америкалык мушкер, Олимпиада чемпиону Жозеф Уильям Фрейзер 1944-жылы 12-январда Түштүк Каролина штатындагы Бьюфорте шаарында төрөлгөн. Жо Фрейзер спорт сүйүүчүлөрүнүн эсинде чыдамкайлыгы менен калган. Анын жалпысынан 37 мушташы болуп, алардын 32синде жеңишке жетишкен. Ал эми үчөөсүндө жеңилип, 2 мушташы атаандашы менен тең упайда аяктаган.
1964-жылы мушкер Япониянын Токио шаарында оор салмактагы категорияда беттешке чыгып, СССР мушкери Вадим Емельяниновду жана немис мушкери Ханс Хуберди жеңип, алтын медаль утуп алган. Ж.Фрейзер 1965-жылы "бокстун профессионалы" деп атыккан. 2 жылдан соң белгилүү мушкер Жорж Чувалону нокаут менен утуп алган. Мындан тышкары ал мушкерлер Оскар Бонавен, Жерри Кварини да жеңген. 1970-жылы Дүйнө чемпиондугунда ага чейинки Дүйнө чемпиону Жимми Эллис аттуу мушкер менен рингге чыгып, жеңишке жеткен. 1971-жылы март айында Ж.Фрейзер мушкер Мухаммед Али менен беттешкен. Мушташтын 15-раундунда Фрейзер жеңишке жеткен. М.Али бул жеңилүүсүн карьерасынын аягына чейин унута алган эмес. Ж.Фрейзер 1981-жылы анча белгилүү эмес мушкерден утулуп калгандан кийин мушкердик карьерасын жыйынтыктаган. Ал эми 1994-жылы режиссёр Ника Стаглианонун “Периштелердин турагы” аттуу тасмасында башкы ролдордун бирин жараткан.
Атактуу мушкер 2011-жылы 7-ноябрда оор илдеттен улам АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында 67 жашында каза болгон.
7-ноябрга карата жылнаама.