2001-жылдын 8-ноябрынан тарта Орусия жана КМШ өлкөлөрү Эл аралык КВН күнүн белгилей баштаган. Майрамды өткөрүү сунушу КВН Эл аралык клубунун президенти Александр Масляков тарабынан сунушталган. Эл аралык КВН күнү БУУнун бүткүл дүйнөлүк майрамдарынын реестрине кире элек болгондуктан, Орусиянын расмий майрамы болуп эсептелбейт. Бул күнү Орусияда жашына, кесибине, социалдык абалына карабай мурда ойноп жүргөн КВНчилер дагы көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулашат. Мурунку КВНчилердин катарында Юлий Гусман, Геннадий Хазанов, Леонид Якубович, Аркадий Хайт, Татьяна Лазарева, Михаил Шац, Алексей Кортнев, Тимур Батрутдинов, Михаил Галустян, Гарик Мартиросян өңдүү орустун белгилүү инсандары бар.
Азыркы КВН оюндары “Шаңдуу суроолордун кечеси” аттуу программа менен журналист Сергей Муратовдун идеясы жана демилгесинен улам пайда болуп, 1957-жылдан тарта эфирге чыга баштаган. Көрсөтүүдө көрүүчүлөр алып баруучулардын тамашалуу суроолоруна жооп беришкен, бирок аталган программа 3 жолу гана эфирге чыккан. Алып баруучу 3-көрсөтүүдө көрүүчүлөргө кийинки программада студияга ким шуба, баш кийим жана кышкы бут кийим кийип, өткөн жылдын 31-декабрында басылып чыккан гезитин алып келсе, аларга байге берилет деп сөз берген. Жай мезгили болгонуна карабай бардык көрүүчүлөр кышкы кийимдери менен келишкен. Студияга кишилердин жоон тобу кирип, ызы-чуу жаралып, түз эфир токтотулган. Бул окуядан соң аталган телекөрсөтүү жабылган.
4 жылдан кийин, 1961-жылы 8-ноябрда мурунку “Шаңдуу суроолордун кечеси” телекөрсөтүүсүнүн жаратуучулары “Шайырлар жана тапкычтар клубун” негиздеп, анын алып баруучусу болуп Александр Масляков дайындалган. Командалар оюндарда көбүнчө советтик идеология менен байланышкан тамашаларды аткарышкан. Ошондуктан көрсөтүүнү түз эфирде эмес, кээ бир жерлерин кесип, кийинчерээк эфирден коюшкан. Совет бийлигинде цензура күчөй баштаганда, 1971-жылы программаны жаап салышкан. КВН 1986-жылы Орусияда кайрадан жанданып, анын алып баруучусу мурункудай эле А.Масляков болгон. Оюндар Орусияда гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө, Батыш Европада, Израилде жана АКШда дагы көрсөтүлүп келет. КВНде жашка, кесипке, улутка карабай бардык адамдар оюнчу боло алышат. Ал эфирге чыга баштагандан бери Орусиянын телеберүүлөрүнүн арасында рейтинги жогорулардын тизмесинен орун алган.
8-ноябрга карата жылнаама.