Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Ошондой эле өлкө башчы Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагалыгына Мирбек Касымкуловду дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.
Мындан тышкары президент Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Марат Кенжисариевди кызматтан бошоткону белгилүү болду. Анын ордуна ким дайындалганы азырынча айтыла элек.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда өкмөттүн жаңы курамы боюнча маалымат берилген. Ага ылайык, ички иштер министри кызматына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Улан Исраилов дайындалмакчы. Учурда ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Кашкар Жунушалиев иштеп жатат.