Жогорку Кеңештин КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясынын алгачкы отуруму башталды. Анда бир эле маселе каралмакчы: күн тартибине өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитүү маселеси киргизилген. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков депутаттарга өкмөттүн төмөнкүдөй курамын сунуштады:
– премьер-министр – Сооронбай Жээнбеков (КСДП)
– биринчи вице-премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев (КСДПнын квотасы)
– экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов (КСДП)
– чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков (КСДП)
– социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”, буга чейин Гүлмира Кудайбердиева болгон)
– билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (“Кыргызстан”, буга чейин Эльвира Сариева болгон)
– эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова (“Кыргызстан”, буга чейин Кудайберген Базарбаев болгон)
– өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Акылбек Осмоналиев (КСДП)
– тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (КСДП)
– маданият, маалымат жана туризм министри – Түгөлбай Казаков (КСДП)
– транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов (КСДП, буга чейин Замир Айдаров болгон)
– ички иштер министри – Улан Исраилов (КСДП, буга чейин Кашкар Жунушалиев болгон)
– юстиция министри – Уран Ахметов (КСДП, буга чейин Жылдыз Мамбеталиева болгон)
– каржы министри – Адылбек Касымалиев (КСДП)
– экономика министри – Арзыбек Кожошев ("Кыргызстан")
– өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов (КСДП)
– саламаттык сактоо министри – Талантбек Батыралиев (КСДП)
– айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев (“Бир бол”, буга чейин Турдуназир Бекбоев болгон)
Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП чыккан. Коалиция КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан, ал эми парламенттик оппозиция "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.
Коалицияны түзүүгө мандатты президенттен алган КСДПнын лидери Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен баштаган. Ал эми РАЖдын лидери Өмүрбек Бабанов менен эки күндөн кийин гана жолугушкан. "Республика-Ата Журттун" лидери Ө.Бабанов фракциясынын коалицияга кирүүсүнө эки-үч маселе тоскоол болуп жатканын айткан.
Жыйынтыгында 3-ноябрда парламенттеги көпчүлүк коалиция КСДП (38 депутат), "Бир бол" (12 депутат) жана "Кыргызстан" (18 депутат) фракцияларынан түзүлгөн. Бул саясий биримдик премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунуштаган.