Коалицияга кирген "Бир бол" фракциясынан депутат өкмөт менен маселелерди оппозициясыз чечүү каалоосун билдирди

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген "Бир бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиев өкмөт менен маселелерди парламенттик оппозициясыз чечүү каалоосун билдирди.

"Коалиция менен өкмөт бир кемеге түштү. Кыйынчылыктарды эми чогуу чечип турабыз. Ай сайын бир-эки жолу коалициянын отурумдарын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрүн чакырып, маселелерди чечип турсак", - деп сунуштады депутат.

Айта кетсек, парламенттеги башкаруучу коалиция КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир бол" фракцияларынан турат. Ал эми парламенттик оппозицияга "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан