1983-жылы 8-ноябрда "TAAG Angola Airlines ruen" компаниясына таандык Boeing 737-2M2 үлгүсүндөгү учак Түштүк Африкадагы Ангола Республикасынын Лубанго шаарынан Луанду шаарына бара жаткан. Учак абага көтөрүлгөндөн 2 мүнөттөн соң жерге кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен экипаждын 4 мүчөсү жана 126 жүргүнчү набыт болгон. Башка булактардын маалыматына караганда, каза болгондордун саны 150гө жеткен. Өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырсык техникалык мүчүлүштүктөн улам келип чыкканын айтышкан.
8-ноябрга карата жылнаама.