Кээ бир тарыхчылар Надежда Аллилуева өлүмүнүн алдында И.В.Сталин менен ажырашууну көздөп жүргөндүгүн жазышкан. Себеби жубайлар бири-бирин түшүнө албай, экөөнүн ортосунда уруш-жаңжалдар көп болуп турган. 1932-жылы 7-ноябрда Сталиндин Ворошилов шаарындагы үйүндө Октябрь революциясынын 15 жылдыгы белгиленип жаткан учурда аялы экөө уруша кетет. Таарынычтан улам жубайы Н.Аллилуева Кремль шаарындагы үйүнө кетип калган. 9-ноябрда таңга маал колуна “Вальтер” тапанчасын кармаган Н.Аллилуеванын жансыз денеси табылган. Ал кат жазып таштаган эмес. Ал эми орус гезиттери окуянын эртеси күнү Н.Аллилуеванын сокур ичегисине операция жасалып жатканда каза болгонун жазып чыгышкан. Ошондой эле Н.Аллилуева Сталиндин биринчи никесиндеги уулу Яков менен жакын мамиледе болгондугу үчүн Сталин аны атып өлтүргөндүгү тууралуу кептер эл арасында тараган.
9-ноябрга карата жылнаама.