Советтик жана латвиялык шахматчы, шахмат боюнча Дүйнөнүн 8-чемпиону Михаил Таль 1936-жылы Латвиянын борбору Ригада туулган.
М.Таль 1960-жылы "СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери" наамын алып, 1957, 1958, 1967, 1972, 1974, 1978-жылдары СССРдин шахмат боюнча 6 жолку чемпиону болгон. Ал эми 1953, 1965-жылдары 2 жолу Латвиянын шахмат боюнча чемпиону аталган. 1958-жылы СССРдин шахмат командасынын атынан чыгып, Дүйнөнүн 8-чемпиону болгон. 1964-жылы Европанын шахмат боюнча 6 жолку чемпиону, 1979-жылы студенттердин арасында Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталган. М.Таль 1960-жылдан 1970-жылга чейин “Шахматтар” (“Шахматы”) журналынын башкы редактору болуп эмгектенген.
М.Таль шахматтагы акыркы партиясын 1992-жылы 5-майда Испаниянын Барселона шаарында ооруп жатып ойногон. Ал акыркы оюнунда атаандашы Владимир Акопянды утуп алган.
Шахматчы 1992-жылы 28-июнда 55 жашында Москва шаарындагы ооруканалардын биринде узакка созулган оорудан улам каза болгон.
9-ноябрга карата жылнаама.