КҮНСЕРЕП: Бийлик оппоненттерин кылмыш иши менен опузалоого өттү

Бүгүн, 10-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Ош жана Баткен облустарында иш сапары менен жүрөт. Жолугушууларда президент 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү референдум жыргал жашоонун башаты болорун айтып, 6 жылдан бери жасалбаган иштер дал ошол 11-декабрдан тарта башталарын убадалап жатат. Референдум менен Конституцияга өзгөртүү киргизилип жатканы белгилүү. Алмазбек Атамбаев 9-ноябрда Ош шаарынын жашоочулары менен кезигишүүдө адаттагыдай оппоненттерин сындоого атайын убакыт арнады. "Эл бузарларды ээрчибегиле, ишенбегиле. "Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат" деген кыргыздын макалын эстегиле. Булар ышкырганды гана билишет, 25 жылдан бери ышкырып жүрүшөт", - дейт президент. Бир кездеги оппозиционер Атамбаевдин ышкырбай калганына көп боло элек, Бакиев доорунда оппозицияда жүрүп, 2010-жылы бийликке келбеди беле. Бүгүн болсо кечээги пикирлештерин "эл бузарлар" деп атай баштады.

Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин күч түзүмдөрүн реформалоого даңгыр жол ачылат. Атамбаев аймак жашоочулары менен жолугушууда ушуну баса белгилөөдө. Тармакты реформалоого бүгүн ким тоскоолдук жаратып жатат? Колунда Башкы прокуратура, УКМК, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы, Эсептөө палатасы жана башка рычагдары бар КСДПга реформа жасатпай ким жолтоо болуп жатканы түшүнүксүз. Жыргал жашоо референдумдан кийин башталарын Атамбаев Ошто да, Баткенге барып да айтты. Аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышында аскер кызматкерлерин мактап, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кам көрүү референдумдан кийин улантыла турганын билдирди. КСДПнын көшөгө артындагы төрагасы Алмазбек Атамбаев 11-декабрдагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого жана референдумга кыйыр түрдө "үгүттөө" баштады десе болот. Имараттардын ачылышын референдумду мисал кылбай деле куттуктоого мүмкүн.

Учурда КСДПнын төрагасы ким? Жогорку Кеңештин 9-ноябрдагы жыйынында депутаттар премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбековдон (КСДП, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү) КСДПнын төрагасы ким экенин сурашып, бирок Жээнбеков жооп берүүдөн баш тартты. Өкмөттүн программасы боюнча суроолорго гана жооп берип, партияга тийиштүү суроолорго жооп бербесин айтты. Партиянын төрагасы ким экенин айтуу кылмыш же уят ишпи? Бул окуя КСДПга иш жүзүндө президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылып жатканы тууралуу сөздөр чын экенин далилдегенсиди. Конституциянын 63-беренесинин 3-пунктунда "Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана болбосун аракеттерин токтотот" деп жазылган. Президенттин 2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында да аймактарды кыдырып, элге айткан акыл-насааттарын "үгүт" деп сындагандар болгон.

Ал эми Кырыз Республикасынын элинин басымдуу бөлүгү 11-декабрда референдум өтөрүн билбейт. "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму жүргүзгөн сурамжылоо ушундай жыйынтык бергени жарыяланды. Сурамжылоого катышкандардын 54 пайызы Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелегенин билерин айтышса, 46 пайызы таптакыр кабарсыз экенин билдиришкен. Референдум өтөрүнөн кабары барлардын 20 пайызы гана өзгөртүүлөрдүн маңызын билет, 33 пайызы эмне өзгөртүүлөр кирип жатканынан кабарсыз, 47 пайызы чала-була кабардар. Бул - Конституцияны өзгөртүүнүн максаты эмнеде экенин эл биле электигинин белгиси...

Конституцияны өзгөртүүгө каршы депутат Канат Исаевге карата эски кылмыш иши жанданганын бүгүн SUPER.KG порталына Башкы прокуратура тастыктады. Албетте, "Исаевге карата иш жанданды" деген жок, Токмок шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине карата 2010-жылы ачылып, кайра токтотулган иш кайра караларын билдирди башкы көзөмөл органы. Кылмыш иши убагында негизсиз токтотулганын атайын топ таап чыгыптыр. Токмок шаарын 2008-2010-жылдары учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев жетектеп турган. Чаң басып жаткан 6 жыл мурунку иш күтүүсүз жанданды. Муну жөн гана дал келгендик деп айтуу кыйын. Исаев бийликтин Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы чыкканы, президенттин дарегине олуттуу сындарды айтып жатканы белгилүү. Анын тизгинин тартууга укук коргоо органдары киришкенсийт. Коомчулук бийликтин ушундай жол менен оппоненттерди "сындыруу" аракетин айыптап жатат. Бакиев режиминде оппозиция өкүлдөрү дал ушинтип кысымга алынганын, бийлик тарыхтан сабак албаганын айткандар да арбын...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан