Жогорку Кеңештин 10-ноябрдагы жыйынында балык чарбасы боюнча укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Мирлан Бакировдун айтымында, Ысык-Көлдөгү атайын көлмөлөрдө көлмө форелин өстүрүүгө тыюу салуу менен көлмө балыктарын өстүрүү чарбасынын иши токтоп калды. "Учурда көлмө курулмалары өз максатында пайдаланылбай, жөн эле турат. Ошондуктан Ысык-Көлдө көлмө форелин өстүрүүнү кайра колго алуу зарыл", - деп эсептейт Бакиров.
Талкууда бир катар депутаттар өз маалында көлмөлөрдөгү торлор жырылып кетип, дал ушул форелдердин Ысык-Көлгө кирип кетиши менен чабак балыктары жоголгонун белгилеп, андай окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албастыгын айтышты. Алар мындай жүйөлөрү менен мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алышты.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.