"Парламенттеги жаңы оппозиция мурдагыга караганда күчтүүрөөк" дейт Иса Өмүркулов

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан түзүлгөн жаңы оппозиция буга чейинкиге караганда күчтүүрөөк болот. Мындай пикирин бүгүн, 11-ноябрда парламенттеги көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын ою боюнча, парламентте оппозиция канчалык күчтүү болсо, мамлекетке, сөз эркиндигине, демократияга пайда көбүрөөк болот. "Оппозиция күчтүү болгондо, анын сындарынын көбү аткаруу бийлигине карата айтылат. Бардык маселелер ачык талкууланат. Бардык маалыматтар ачык-айкын болот, бийлик эч нерсени жашыра албайт", - деди Өмүркулов.

Айта кетсек, буга чейин парламенттик оппозицияда "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" болгон, ал эми башкаруучу коалицияга КСДП, "Ата Мекен", "Кыргызстан" жана "Өнүгүү-Прогресс" кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан