ЖЫЛНААМА, 11-НОЯБРЬ: 2004-жылы Палестинанын лидери Ясир Арафат көз жумган

Палестинанын башчысы Ясир Арафат 1929-жылы 24-августта туулган. 1969-жылдан тарта өмүрүнүн аягына чейин Палестина боштондук кыймылын жетектеген. 1994-жылдан баштап Палестина улуттук администрациясынын төрагасы болгон.

Я.Арафаттын ден соолугу 2004-жылдын 28-октябрында кескин начарлай баштаган. Швейцариялык эксперттер 2004-жылы 11-ноябрда көз жумган Ясир Арафаттын полонийден (радиоактивдүү химиялык элемент) ууланып каза болгонун тастыкташкан. Мындай маалыматты дарыгерлердин корутундусу менен таанышкандан кийин анын жубайы Суха Арафат жарыялаган. Экспертизаны Лозанна университетинин Радиациялык физика институтунун адистери жүргүзүп, жыйынтыгында Ясир Арафаттын денесинде полонийдин нормадан 18 эсе көп экени белгилүү болгон. Ал эми 2013-жылы 6-ноябрда Ясир Арафаттын ууланып көз жумгандыгы тастыкталган.

11-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан